ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?
Кыргызстан менен Пакистан медициналык билим берүү жаатында кызматташтыкты бекемдейт
28.02.2026 | 11:00

Саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен эки мамлекеттин саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда негизги көңүл Кыргызстандын медициналык окуу жайларында билим алып жаткан пакистандык студенттер үчүн окутуунун сапатын жогорулатууга бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында төмөнкү маселелер каралды:
- академиялык байланыштарды чыңдоо жана билим берүү стандарттарын өркүндөтүү;
- студенттердин практикалык даярдыгын кеңейтүү;
- эки өлкөнүн медициналык университеттери менен дарылоо мекемелеринин ортосунда кызматташууну өнүктүрүү;
- окутуучулар менен дарыгерлердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу;
- биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүү.
Жыйынтыгында эки тарап медициналык билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.