Садыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындадыИш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдүЖапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын бердиКыргызстан жана Россия мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатууга ниеттенүүдөЭдил Байсалов бийликтеги жараканын себептерин атап, президенттин айланасында биригүүгө чакырдыКыргызстан менен Иран кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты
“Рух санат” фестивалында баш байгени “Акак” комузчулар ансамбли жеңип алды
04.08.2025 | 10:34

Ысык-Көлдө өткөн “Рух санат” эл аралык салттуу музыка фестивалында баш байге — 500 миң сомдук сыйлык “Акак” комузчулар ансамблине ыйгарылды.
Фестивалдын алкагында өткөн эл аралык сынакка жалпысы 14 өлкөдөн 82 аткаруучу жана чыгармачыл топ катышып, салттуу музыка өнөрүн тартуулашты.
Байгелүү орундарга Кыргызстандан тышкары:
Россия, Казакстан, Өзбекстан, Индия, Түштүк Корея, Япония жана Бангладеш мамлекеттеринин таланттуу өнөрпоздору илиништи.
Эскерте кетсек, “Рух санат” фестивалы эки жылда бир жолу уюштурулат. Кийинки фестиваль Жалал-Абад облусунда өтөт деп пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият