Кыргызстан менен Румыния Бишкек–Бухарест түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулашты

05.08.2025 | 10:11

Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов Румынияга болгон расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Жарандык авиация башкармалыгынын башкы директору Николае Стойка жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосунда аба каттамдары боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карашкан. Ошондой эле Кыргызстан ЕБнин “кара тизмесинен” чыгарылгандан кийин Бишкек–Бухарест түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулашкан.

Данияр Бостонов Румыниянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, жарандык авиация чөйрөсүндө кызматташуунун багыттарын, анын ичинде инфраструктура жана кадр даярдоо маселелерин сүйлөшкөн.

Мындан тышкары ал EASAнын стандарттары боюнча авиациялык техниктерди даярдоо багытында адистешкен румын авиациялык окуу борборунун башкы директору менен жолугушкан. Тараптар Кыргызстандын авиация институтунун базасында аталган борбордун филиалын ачуу жана билим берүү программалары менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн карашкан.

Scroll to Top