Бооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштады
Акыркы жылдары Казакстандан Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 3 эсе өскөн
05.08.2025 | 11:36

2024-жылы Казакстандан Кыргызстанга 113,5 млн доллар көлөмүндө түз инвестициялар келип, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктик билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери Казакстандан келген инвестициялардын агымы үч эсе өсүп, 33,6 млн доллардан 113,5 млн долларга чейин көбөйгөн.
Казакстандык инвесторлор Кыргызстандын төмөнкү экономикалык тармактарына активдүү кызыгууда:
- өнөр жай жана чийки затты кайра иштетүү;
- транспорт жана логистика;
- айыл чарба;
- соода жана кызмат көрсөтүүлөр.
“Бул тармактарга салынып жаткан инвестициялар өндүрүштү модернизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, технологияларды трансфер кылууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүүгө өбөлгө түзөт”,- деп билдирди агенттик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: инвестиция, Казакстан