Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Бир айда жол эрежесин бузган 86 миңден ашык айдоочу аныкталды
05.08.2025 | 13:27

Унаа кырсыктарын алдын алуу максатында 8-июлдан 3-августка чейин өлкө боюнча жүргүзүлгөн рейдде жол эрежелерин бузган 86 миң 264 айдоочу аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында мас абалында унаа башкарган 1185 айдоочу кармалган. Ошондой эле автоээнбаштык жасаган 283 айдоочу, каршы тилкеге чыгып айдаган 1753 айдоочу аныкталган.
Мындан тышкары 326 айдоочу тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган, ал эми 533 айдоочу унаа терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан.
Жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 6 миң 555 унаа айып короо жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: ИИМ