Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Чолпон-Ата шаарына жаңы мэр дайындалды
05.08.2025 | 14:13

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Рустам Кадыркулов дайындалды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы мэр бүгүн, 5-августта расмий түрдө ишине киришти. Ал алгачкы иш күнүн шаардык мэриянын жамааты менен таанышуу менен баштап, учурда шаарда аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландар тууралуу кеңири маалымат алган.
Жолугушууда Рустам Кадыркулов Чолпон-Ата Кыргызстандагы туристтик борборлордун бири экенин баса белгилеп, анын инфратүзүмүн жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү башкы максаттардын бири экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Мэр, Чолпон-Ата шаары