Жаңыланган Нарын аэропорту алгачкы учакты кабыл алдыКосмонавт Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын паспортун алдыСадыр Жапаров: Жайлоолорду техника менен тебелебегилеАйыл чарба министрлиги малдын экспортун убактылуу чектөөнү сунуштадыСадыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен тааныштыКараколдо ӨКМдин жаңы имараты ачылып, ага Президент катышты
ИИМ: Райым Матраимовдун өкүл баласы мамлекеттик жерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу кармалды
07.08.2025 | 14:51

ИИМдин билдирүүсүндө айтылгандай, Мунарбек Сайпидинов 2021-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүн жетектеп турган учурда, мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өткөрүп бергенине шектелүүдө.
“Ал айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, элге керектүү жер тилкелерди, анын ичинде социалдык мекемелерге тиешелүү жерлерди мамлекеттин эсебинен чыгаруу боюнча кылмыштуу план түзгөн”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Аталган факты боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сайпидинов 2025-жылдын 6-августунда Россияда кармалып, 7-августта Кыргызстанга экстрадицияланган.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал башка кылмыш иштерге да шектелип жатат. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Сайпидиновдун Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тараган. Анда ал өзүнүн кармалышын Райым Матраимовдун жеке кызыкчылыктарына байланыштырганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар