Ош жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышат
ИИМ: Райым Матраимовдун өкүл баласы мамлекеттик жерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу кармалды
07.08.2025 | 14:51

ИИМдин билдирүүсүндө айтылгандай, Мунарбек Сайпидинов 2021-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүн жетектеп турган учурда, мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өткөрүп бергенине шектелүүдө.
“Ал айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, элге керектүү жер тилкелерди, анын ичинде социалдык мекемелерге тиешелүү жерлерди мамлекеттин эсебинен чыгаруу боюнча кылмыштуу план түзгөн”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Аталган факты боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сайпидинов 2025-жылдын 6-августунда Россияда кармалып, 7-августта Кыргызстанга экстрадицияланган.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал башка кылмыш иштерге да шектелип жатат. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Сайпидиновдун Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тараган. Анда ал өзүнүн кармалышын Райым Матраимовдун жеке кызыкчылыктарына байланыштырганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар