Казакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат
07.08.2025 | 16:56

Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында 200 гектар жерди бакка айлантуу максатында тамчылатып суугаруу системасы орнотула башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тамчылатып суугаруу системасына керектелүүчү түтүктөр жана башка жабдуулар жеткирилген. Мындан сырткары эки даана тике кудук (СВД) казуу иштери жүрүүдө.
“Бул долбоор Кадамжай районунда суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзүп, айыл чарба жерлерин натыйжалуу өздөштүрүүгө жана продуктивдүүлүктү жогорулатууга чоң салым кошот”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом