Эдил Байсалов БУУнун деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн конференциясына катышты

08.08.2025 | 11:00

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү Конференциясынын алкагында бир катар маанилүү иш-чараларга катышты.

Конференциянын вице-төрагасы катары ал жалпы дебаттардын пленардык сессиясын алып барды жана БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы программасынын министрлик деңгээлдеги панелинде сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эдил Байсалов төмөнкү жогорку даражалуу өкүлдөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү:

  • Уганданын Премьер-министри Робина Наббанджа
  • Австриянын эл аралык иштер боюнча статс-катчысы Йоханнес Шеллхорн
  • Ирандын жолдор жана шаар куруу министри Фесолла Садегхиан Малваджердей
  • Бутандын тышкы иштер жана соода министри Дендуп Дхунгуел
  • Чаддын тышкы иштер министри Фатима Ассу Гарфа
  • ТРАСЕКА программасынын башкы катчысы Азаматбек Асанбаев

Мындан тышкары, Байсалов “Структуралык трансформациялар, диверсификация жана илим, технологиялар жана инновациялар деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы катары” деген темада өткөн жогорку деңгээлдеги тегерек үстөлдө баяндама жасап, жарандык форумда санарип экономика жана инновациялар боюнча кеңешменин модератору болду.

Scroll to Top