28-октябрдын аба-ырайы: Өлкөдө жаан-чачын күтүлөтПатрулдук унаа жеңил унаа менен кагылышты. Жаракат алгандар барКадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылдыПрезидент Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачтыЕвропа инвестициялык банкы «CASA-1000» долбоорун кошумча каржылайт. Президент мыйзамга кол койдуСамат Кыргыз Абдрахманов Бишкектеги бокс кечесинде жеңишке жетти
Камчыбек Ташиев Нарын районундагы айыл өкмөт башчыларына эскертүү берди
11.08.2025 | 12:20

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын районунда айыл чарба техникаларын тапшырды. Иш-чарадан кийин ал аймактагы айыл өкмөт башчыларын таза иштөөгө чакырды.
«Кимиңерди текшертейин? Өткөндө бирөө “мени текшертиңиз” дегенде “тазасыңбы” десем, “тазамын” деген. Азыр түрмөдө отурат. Баарыңарга эскертип коеюн — таза иштегиле! Колуңар туткак болсо, дүнүйөгө кызыксаңар, жумушту таштап бизнес кылгыла. Эл үчүн иштешиңер керек», — деди Ташиев.
Ал ошондой эле өзүнүн аймактарды кыдыруусун эл иши үчүн акысыз аткарып жатканын белгилеп, жетекчилерди да ошол принцип менен иштөөгө үндөдү.
Мындан тышкары, Ташиев Ак-Талаа районунун жаңы дайындалган акимине жолугуп, октябрдын башында кайрадан районго келерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар