Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизмеПутиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери
Өзбекстанда 2026-жылы атомдук станциянын курулушу башталат
11.08.2025 | 11:54

Өзбекстан орусиялык “Росатом” корпорациясы менен биргеликте атомдук электр станция (АЭС) курууну пландоодо. Бул тууралуу «Узатом» атомдук энергия агенттигинин директору Азим Ахмедхаджаев “Өзбекстан 24” телеканалына билдирди.
«Биз «Росатом» менен ири атомдук электр станциясын куруу боюнча документке кол койдук. Бул документтин негизинде биз станцияны өлкөнүн энергетикалык системасына интеграциялоо үчүн бардык аспектилерди изилдеп жатабыз”,- деп билдирген Ахмедхаджаев.
Ошондой эле анын айтымында, атомдук станциянын курулушун баштоо 2026-жылдын март айына пландалган. Бул долбоор Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан бекитилген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар
Теги: Өзбекстан