Көк-Жардагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

11.08.2025 | 12:25

Ички иштер министрлиги 8-августта Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда мыйзамдуу курулуштарды бузууга тоскоолдук кылган уюштуруучу И.Г. аттуу аял кармалганын билдирди. Ал 1962-жылы туулган жана жолду мыйзамсыз тосуу боюнча негизги уюштуруучу жана каржылоочу катары аныкталды.

Бул аракеттер мыйзамсыз жер тилкелерин сатуу жана трансформациялоо иштерине байланыштуу чагымчылдык максатында жасалганы маалым болду.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 6-августта Көк-Жар конушунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу иш-чаралары өткөрүлгөн.

Бул факты боюнча КР Жазык кодексинин “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” жана “Коррупция” беренелери менен кылмыш иштери козголуп, 5 жаран кармалды. Ошондой эле 17 адамга «Ички иштер органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийбөө» боюнча протоколдор түзүлдү.

Тергөө учурунда И.Г.нын мыйзамсыз жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экени аныкталды. Жарандардан 10 млн сомдон ашык зыян келтирилгени тууралуу арыздар келип түшкөн.

Ошондой эле мыйзамсыз турак жайларды курууга жол берген кызмат адамдарына карата да текшерүүлөр жүрүп, үч кызматкер кармалды.

“Учурда коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары  жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top