Чүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталуудаОштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси реконструкцияланатOpenAI Sora долбоорунун жабылгандыгын жарыялады: видео жаратуучу нейрон тармагы ишин токтотот
Казакстандан келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү артка кайтарылды
11.08.2025 | 17:03

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң Капка өткөрмө постунда жүргүзүлгөн текшерүүдө фитосанитардык сертификатта 25 тонна пахта үрөнү катары көрсөтүлгөн жүк автотранспортто ташылып келген жүк менен дал келбегендиги аныкталган.
Башкача айтканда, унаада пахта үрөнүнүн ордуна сафлор өсүмдүгү табылган. Мындан улам жүктү артка кайтарылган.
Министрлик тиешелүү жактарга маалыматтарды тактап, документтерди тууралоо жана келечекте мындай катачылыктарды болтурбоону сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар