Кыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталуудаСоттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий бердиБивол карьерасын 40 жашка чейин аяктагысы келерин билдирдиГареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салындыКыргызстан Минск шаарында өткөн антитеррордук форумга жана машыгууларга катыштыЧүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартуулады
Нарында бассейни менен 200 орундуу муниципалдык мончо курулуп жатат
11.08.2025 | 16:52

Нарын шаарындагы коомдук муниципалдык мончонун эски имараты толугу менен бузулуп, ордуна үч кабаттуу 200 орундуу заманбап шарттары жана бассейни менен жаңы коомдук мончо салынып жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымдады.
Камчыбек Ташиев мончонун курулушу тууралуу маалымат угуп, «Нарындан Бишкекке мончого барышат деп уктум. Эми заманбап шарттары бар мончо салынса жакшы болот экен. Мэрия жакшылап карагыла» деди.
Рубрики: Жаңылыктар