Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Көңүл бургула! 13–15-августта Ысык-Көлдүн айрым жолдору убактылуу жабылат
12.08.2025 | 12:56

13-15-август күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган Кыргыз-Россия экономикалык форуму, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана Россиянын өкмөт башчысынын расмий сапары маалында айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол Кыймылынын Коопсуздугун Камсыздоо Башкармалыгы кабарлады.
“Чектөөлөр расмий делегациялардын кортеждери өткөн учурда гана колдонулат. Айдоочуларга алдын ала сапарларын пландап, зарыл учурда альтернативдүү багыттарды колдонуу сунушталат”,-деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар