Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулатПрезиденттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калатСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындадыИш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдүЖапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын бердиКыргызстан жана Россия мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатууга ниеттенүүдө
Июнь айында Кыргызстанга чет жактардан 295 млндон ашык доллар которулган
12.08.2025 | 17:42

Үстүбүздөгү жылдын жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы суммасы 295,1 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, негизинен которуулар КМШ өлкөлөрүнөн келип, жалпы 278,2 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 16,9 млн доллар которулган.
Ал эми Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү июнь айынын аягына карата 34,5 млн долларды түзгөн. Анын 32,4 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 2,1 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Улуттук банк