Бишкекте милиция бөлүмүндө жарандын каза болушу боюнча кылмыш иши козголду

13.08.2025 | 10:43

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүндө 25 жаштагы М.А. аттуу жарандын каза болушу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренисинин 2-бөлүмүнүн (бийликтен аша чабуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

“Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү баардык тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө”,- деп маалымдады Башкы прокуратура.

Эске салсак, 9-августта Ленин райондук милициясынын бөлүмүнүн имаратында 25 жаштагы жаран каза тапкан. Бул тууралуу маркумдун эжеси соцтармактарга жазып чыгып, аны Ленин РИИБи ырастаган. Анда эжеси инисинин каза болгону тууралуу аларга 15 саат өткөндөн кийин моргдон чалып кабарлашканын, алардын катышуусу жок маркумдун сөөгүн ачышканын билдирген.



Scroll to Top