Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Нарындагы Эки-Нарын көпүрөсү кулап, жол каттамы убактылуу токтотулду
13.08.2025 | 16:50

Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол кыймылы токтотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымат таратты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө карабай, эрежени бузуп өткөн унаанын айынан көпүрө кулаган.
Учурда кырдаалды жөнгө салуу жана кыймылды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, көпүрө 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөн. Тендер боюнча иштер уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар