Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилет
Жыл башынан бери алкоголдук продукциядан түшкөн акциз салыгы 2 млрд сомдон ашты
14.08.2025 | 10:07

Ушул жылдын январь–июль айларында өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 млрд 36 млн сом акциз салыгы чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млн сомго көп.
Ошондой эле январь-июль айларында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү 426 млн сомду түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 млн сомго көп.
2024-жылы өлкө аймагында өндүрүлгөн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон алкоголдук продукциядан түшкөн акциздик салыктын жалпы көлөмү 4 млрд 302 млн сомду түзгөн, ал эми 2023-жылы 3 млрд 930 сомду түзгөн.
Рубрики: Экономика
Теги: алкоголдук ичимдик, Салык кызматы