Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
Айыл чарба министри эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин билдирди
14.08.2025 | 11:21

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев эттин чекене баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин билдирди. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Министр ошондой эле Ветеринария кызматына этке болгон дүң бааны төмөндөтүүнү тапшырды. Мындан тышкары мамлекеттик ишканаларга уйдун этин сырттан алып келүү боюнча кошумча тапшырма берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн мекемелер аралык жыйында эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизиле тургандыгы маалымдалып, базарда этке болгон баа акырындык менен түшө баштаган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом