Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Баткенде 25 жуп үчүн жалпы үйлөнүү үлпөтү өтүүдө
14.08.2025 | 11:33

Баткен шаарында “Мамлекеттин өзөгү – үй-бүлө” аттуу массалык үйлөнүү үлпөтү башталды. Иш-чараны президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы” биргелешип уюштурууда.
Алгач борбордук мечитте жаш жубайлардын нике аземи өтүп, андан кийин үйлөнүү той жана маданий программа уланмакчы.
Бул жолу Баткен облусунун ар кайсы аймагынан тандалган 25 жупка жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана туугандары белектер жана сертификаттар тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар