Кыргыз маданияты жана журналистикасы дагы бир таланттуу инсандан айрылды

Кыргыз маданияты жана журналистикасы дагы бир таланттуу инсандан айрылды
Журналист, акын, аткаруучу жана коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында акка моюн сунду.
Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында төрөлгөн. Алгач педагогикалык билим алып, 1981–1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун мектепте мугалим болуп баштаса да, өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, көрүүчүлөргө таанымал телеберүүлөрдү тартуулады. 1997-жылдан бери Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматта иштеп, “Алтын тизме”, “Замандаш”, “Айыл ажары” жана “Абаз” сыяктуу долбоорлорду көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айлантты.
Сонунбү Кадырованын эмгеги бир катар сыйлыктар менен бааланган:
- КР Билим, илим жана маданият департаментинин “Ардак грамотасы”;
- УТРКнын 50 жылдык мааракесине карата “Ардак грамота”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;
- “УТРКнын мыктысы” төш белгиси;
- “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси.
Ал ошондой эле Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, “Сонун дүйнө”, “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз” аттуу китептердин автору. Коомдук иштерге да активдүү катышып, “Алтын тизме” коомдук фондунун төрайымы жана “Энелер жолу” коомдук бирикмесинин президенти кызматын аркалаган.
Сонунбү Кадырованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөктө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.