Агартуу министрлиги балдарды мектептерге кабыл алуу боюнча түшүндүрмө берди

Агартуу министрлиги балдарды мектептерге кабыл алуу боюнча түшүндүрмө таратты.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында балдарды электрондук эсепке алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары – «Электрондук каттоо» АИС) ылайык, балдардын ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө төмөнкү укуктар берилет:
- 6–7 жаштагы мектеп жашындагы баланы 2025-жылдын 1-июнуна чейин 1mektep.edu.gov.kg сайтында туруктуу катталган жери боюнча онлайн каттоого алуу;
- 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин туруктуу катталган мектептен баш тарткан учурда бош орундар бар башка мектепти тандоо (кичи райондорду эсепке албай).
Ата-энелерге ошондой эле башка мектепти тандоо жана бош орундар бар болсо үч жолу башка мектепке алмаштыруу укугу берилген.
Маалыматка ылайык, 13-августка карата системада бир дагы мектепте каттоодо турбаган 75 миңге жакын бала бар. Билим берүү министрлиги балдардын укуктарын коргоо жана аймактардан келген арыздарды эске алуу менен кошумча 11 265 квотаны 13–15-августка чейин гана ачты.
Бул аралыкта система “Каттоодон баш тартуу” баскычын убактылуу өчүрдү, бул мектептер арасында балдардын кайра каттоосуна жол бербөө максатында жасалды.
Белгилей кетсек, 15-август – негизги каттоо аяктайт. Бардык маалыматтар «Күндөлүк» системасына өткөрүлүп, мектептер сабактарды штаттык тартипте жүргүзө баштайт.
5-сентябрдан кечиктирбестен – ата-энелер баланын ден соолугу жана эмдөөлөр тууралуу медициналык маалымкаттарын тапшыруусу керек.
18-августтан 30-сентябрга чейин – кечиктирилген каттоо ачылат, мурунку каттоону жокко чыгарып, бош орундар бар болсо баланы башка мектепке киргизүүгө болот.
Кечиккен учурда балдарды мектепке киргизе албай калуу – ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөрдүн жоопкерчилиги. Жүйөлүү себептер болгондо гана билим берүү органдары расмий чечим кабыл алат.
Статистика (13-август):
- Кошумча квоталар – 11 265;
- Саат 9:00гө чейин катталгандар – 188 920 (жеңилдиктер менен – 2 742);
- Саат 11:20га карата – 194 460 (жеңилдиктер менен – 2 750);
- 2 саат 20 мүнөт ичинде кабыл алынган бала саны – 5 540.