Ашууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди
Бишкекте жашылчалардын баасы арзандады
14.08.2025 | 16:15

Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы кескин арзандады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк товарларынын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. 14-августтагы көрсөткүчтөр 5-августка салыштырмалуу социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүндө баанын төмөндөгөнүн көрсөттү.
Айрыкча жашылчалар боюнча төмөнкү өзгөрүүлөр катталды:
- Сабиз — 49 сом, 15,5%га арзандады (мурун 58 сом)
- Пияз — 43 сом, 4,4%га арзандады (мурун 45 сом)
- Картөшкө — 45 сом, 8,0%га арзандады (мурун 49 сом)
- Капуста — 27 сом, 10,0%га арзандады (мурун 30 сом)
Министрлик баанын түшүшүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жеткирүү көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштырды. Баалардын динамикасын көзөмөлдөө иши мындан ары да улантыла турганы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар