Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жалал-Абадда көчөдө никаб кийип жүргөн 7 жаранга айып пул салынды
14.08.2025 | 17:57

Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда жүзүн жаап жүргөн 7 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Никаб” аталышындагы рейд Жалал-Абад шаарынын мэриясы, шаардык милиция жана миграция башкармалыгы тарабынан биргеликте өткөрүлгөн. Анда борбордук базарларда, коомдук жайларда жүзүн никаб менен жаап жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, никаб кийип жүргөндөргө айып пулдар салынды.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салынат. Ага баш ийбегендерге 20 миң сом айып пул салынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Жалал-Абад шаары, рейд