ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Эмгек министрлигинде жаңы дайындоолор болду
15.08.2025 | 12:02

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Орозбаева Айнура Жантаевна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды.
Ошондой эле министрликке караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун директору болуп Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич дайындалды.
Эмгек министри Равшанбек Сабиров жаңы жетекчилерди эмгек жамаатына тааныштырып, аларга ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.
Рубрики: Жаңылыктар