ИИМ: Бишкек жана Чүйдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилетДенесин майдалап, этин бышырган. Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүрүүгө шектелүүдөКыргыз режиссерунун “Курак” тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышатЭсеп палатасынын инспектору пара менен кармалдыЧет жерлердеги аскердик окуу жайларга өткөн курсанттар ант бериштиКүзөт жана коштоо департаментине заманбап техникалар тапшырылды
Жети айда тамак-аш өнөр жайы 60 млрд сомдон ашык продукция өндүрдү
15.08.2025 | 14:22

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында тамак-аш өнөр жайынын ишканалары учурдагы баалар боюнча жалпы 60 млрд 164 млн 400 миң сомдук продукция чыгарышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ушул мезгилинде өндүрүш көлөмү 47 млрд 143 млн 300 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын суусундуктарды жана тамеки буюмдарын чыгарган ишканаларынын үлүшү өлкөнүн кайра иштетүүчү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 20,9 %ын түзгөн.
Бул көрсөткүчтөр аталган тармактын туруктуу өнүгүүсүн жана өндүрүштүк активдүүлүктүн өсүшүн тастыктайт.
Рубрики: Экономика