Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Баатырды эскерүү: Кыргызстанда спецназ турнири өттү
15.08.2025 | 14:41
Майор Майрамбек Байтемировдун жаркын элесине арналган ылдамдык жана тактикалык аткычтык боюнча турнир аскер бөлүгү 52806нын базасында өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын бардык күч түзүмдөрүнүн эң мыкты атайын даярдыктагы бөлүктөрү катышып, жогорку деңгээлдеги аскердик даярдыгын, биримдигин жана кесипкөйлүгүн көрсөтүштү.

Катуу атаандаштыкта өткөн мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
• 1-орун — «Скорпион» атайын бөлүгү (КР Коргоо министрлиги)
• 2-орун — «Бөрү» атайын бөлүгү (ГКНБ Чек ара кызматы)
• 3-орун — «Альфа» атайын бөлүгү (ГКНБ)
Рубрики: Жаңылыктар