Кереметтүү көл жээгинде Биринчи айымдын катышуусунда балет кечеси өттү

18.08.2025 | 14:12

16-августта Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда “Ысык-Көлдүн жээгинде балет кечеси” өткөрүлдү.

Маданият министрлиги кабарлагандай, ага өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова катышты. Ал бул балет кечесин демилгелеп, анын колдоосу менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурууну камсыздаган.

Министр Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, кече балет өнөрүн жайылтуу, жаш муунду искусствого жана чыгармачылыкка болгон сүйүүгө тарбиялоо менен катар, Ысык-Көл облусун эл аралык маданий платформа катары таанытууну көздөйт.

Эки күндүк балет кечелеринде көрүүчүлөр дүйнөлүк классикалык сахнадан эң мыкты чыгармаларды көрүп, атактуу балет номерлерин жана бий партияларын тамашалашты. Жогорку деңгээлдеги сахналык аткаруулар Ысык-Көлдүн жээгиндеги кооз атмосфера менен айкалышып, конокторго унутулгус таасир калтырды.

Scroll to Top