Депутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдүКР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталды
Кыргызстан ири инвесторлорду тартуу шарттарын жөнөкөйлөштүрдү
19.08.2025 | 12:04

Кыргызстанда түз чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар киргизилди. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын негизинде инвесторлорго Министрлер Кабинети менен түздөн-түз жеке инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Бул мүмкүнчүлүк төмөнкү инвесторлорго тиешелүү:
- 10 млн доллардан кем эмес каражат салууну каалагандар;
- эл аралык ишкердик репутацияга ээ болгон жана;
- ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда уникалдуу тажрыйбасы барлар.
Келишимдин алкагында инвесторлор төмөнкү жеңилдиктерди ала алышат:
- салыктык жана бажылык преференциялар;
- негизги кызматкерлерге визалык колдоо;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин тандоо жана каттоо боюнча жардам.
Агенттиктин маалыматына ылайык, бул өзгөрүүлөр Кыргызстанды ири капитал үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык багытка айлантууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар