Бишкекте 20-21-ноябрда таштандыларды массалык түрдө чыгаруу акциясы өтөтКыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштадыКыргызстандын 2027-жылкы бюджетине жаңы чыгымдарды кошуу сунушталды Ошто Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу каралуудаБишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалдыКызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМ
Кыргызстан ири инвесторлорду тартуу шарттарын жөнөкөйлөштүрдү
19.08.2025 | 12:04

Кыргызстанда түз чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар киргизилди. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын негизинде инвесторлорго Министрлер Кабинети менен түздөн-түз жеке инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Бул мүмкүнчүлүк төмөнкү инвесторлорго тиешелүү:
- 10 млн доллардан кем эмес каражат салууну каалагандар;
- эл аралык ишкердик репутацияга ээ болгон жана;
- ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда уникалдуу тажрыйбасы барлар.
Келишимдин алкагында инвесторлор төмөнкү жеңилдиктерди ала алышат:
- салыктык жана бажылык преференциялар;
- негизги кызматкерлерге визалык колдоо;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин тандоо жана каттоо боюнча жардам.
Агенттиктин маалыматына ылайык, бул өзгөрүүлөр Кыргызстанды ири капитал үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык багытка айлантууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар