Бишкекте инвестициялар жана туризм үчүн BRICS Media World санариптик платформасы тааныштырылды
VII Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында BRICS Media World инновациялык санариптик платформасынын презентациясы өттү. БРИКС өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Екатерина Шмалько бул долбоорду өлкөлөр ортосундагы инвестиция жана маданий диалог үчүн «санариптик көпүрө» катары сунуштады.

Платформа эки негизги багытты камтыйт: өнөр жай жана маданий. Өнөр жай трегинин алкагында инвесторлор ишканалар боюнча виртуалдык 3D-турларды жасап, өндүрүштүк линияларды изилдеп, жетекчилик менен түз байланыш ала алышат. Маданий трек болсо колдонуучуларга Улуу Жибек жолу сыяктуу тарыхый жайларга иммерсивдүү VR-экскурсияларды сунуштап, чыныгы турду брондоо мүмкүнчүлүгүн берет.
«Акылмандар бириксе – тоолор жолго айланат», – деп белгиледи Екатерина Шмалько «Манас» эпосунан мисал келтирип. – «Биздин долбоор дал ушундай жол: технологиялык, бирок ар бир маданияттын уникалдуулугун сактап калат».
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн бул долбоор кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат: бизнес БРИКС өлкөлөрүнүн 3 миллиарддан ашуун аудиториясы бар рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, ал эми өлкө Борбор Азиядагы санариптик хаб макамын бекемдей алат. Платформа ошондой эле инвестициялардын өсүшүнө өбөлгө түзүп, туристтик агымды көбөйтүп жана IT-туризм тармагында жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
BRICS Media World платформасынын пилоттук ишке киргизилиши 2025-жылдын ноябрында Санкт-Петербург шаарында пландалууда. Кыргызстанга бул долбоордун алгачкы этабына өзүнүн өнөр жай ишканаларын жана маданий объектилерин киргизүү сунушталды, бул өзүнүн потенциалын эл аралык аренада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.