Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Орусиялык инженердик мектеби окуучулар үчүн робототехника боюнча курс ачууда
19.08.2025 | 12:46

25-августтан тарта Орусиялык инженердик мектеп Бишкек жана Ош шаарларындагы “Орус үйлөрүндө” мектеп окуучулары үчүн роботехника, электротехника боюнча курстарды өткөрөт. Бул тууралуу Бишкектеги “Орус үйү” уюму билдирди.
Долбоордун катышуучулары 4 ай бою квалификациялуу мугалимдердин жетекчилиги астында робототехника негиздерин өздөштүрүшөт. Курстарда окуучулар өздөрүнүн роботторун чогултуп, чыгармачыл техникалык долбоорлорду ишке ашырууну үйрөнүшөт. Долбоордо үч программа бар:
- «Робототехникадагы биринчи кадамдар» (8–10 жаш);
- «Электроника жана электротехника» (10–14 жаш);
- «Коддор жана машиналар» (14–18 жаш).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом