26-январга карата аба ырайыДастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болот
Күзөт жана коштоо департаментине заманбап техникалар тапшырылды
19.08.2025 | 15:01

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана коштоо департаментине 81 миллион сомдук заманбап жабдуулар жана атайын техникалар тапшырылды.
УКМКнын маалыматына ылайык, иш-чара Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына арналган.
Салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы К.К.Ташиев жана ЖАМК Төрагасы Ч.Э. Кожошев катышты.
Төмөнкүлөр жабдуулар тапшырылды:
- 14 даана атайын техника
- 191 видеобайкоо камерасы
- 9 квадрокоптер (дрон)
- 450 боди-камера (видеорегистратор)
Камчыбек Ташиев кызматкерлердин материалдык-техникалык шарттарын жакшыртуу жана турак-жай менен камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эскертүү жасады.
“Жаңы жабдуулар Күзөт жана коштоо департаментинин ишин жакшыртып, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздайт жана мекемелердеги тартипти күчөтөт”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар