Эгемендик майрамы быйыл эмне үчүн Жалал-Абадда өтөт?

Кыргызстанда Эгемендик күнү жыл сайын 31-августта белгиленет. Бул майрам мамлекеттин көз карандысыздыкты алгандан кийинки маанилүү датаны эскерүү менен байланыштуу. Кыргызстандын 34 жылдык Эгемендик майрамы быйыл биринчи жолу борбордо эмес, региондордун бири болгон Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Мунуну бир нече себептери бар. Ал кандай себептер болушу мүмкүн деген суроонун айланасына саресеп салып көрөлү.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо мындан ары аймактарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында өлкөнүн ар кайсы облус борборлорунда өткөрүлүүдө. Бул чечим жөн гана майрамдык иш-чара эмес, мамлекеттин региондорду өнүктүрүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана борбордон аймактарга көңүл буруу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөрү мындан бир топ убакыт мурда эле айтылган. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы расмий түрдө билдирүү жасаган. Мындай чечим облусту өнүктүрүү жана региондордун социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынганы кошумчаланган. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон сапарында масштабдуу майрамдык иш-чараларды уюштуруу, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди ачуу пландарын талкуулап келгени бар.

Учурда Жалал-Абадда майрамдык жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Шаардын борбордук аянтында чоң сахна курулуп, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте концерттик жана маданий программалар даярдалууда. Коопсуздук чаралары да күчөтүлүүдө. 30-августтан 1-сентябрга чейин 2000ге жакын милиция кызматкери “жогорулатылган” күжүрмөн даярдык режиминде кызмат өтөйт. Демек майрам ири масштабда өтөт деп күтсөк болот.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаары Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында туристтик борбор статусун алганы да бул майрамды дал ушул аймакта өткөрүүгө болгон башкы себептердин бири десек жаңылыштык болбос. 2025-жылдын январь айында Жалал-Абад шаары мурда Түркистан шаарына караштуу болгон Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусун өткөрүп алган. Казакстандын Түркистан шаарында жаңы статусту ырастаган символикалык ачкычты тапшыруу аземи болуп өткөн эле. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Экономика жана коммерция министрлигинин Жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев, Түркистан шаарынын акими Азимбек Пазылбекулы катышкан. Жалал-Абадга бул статустун ыйгарылышы аймактын туристтик потенциалын күчөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзүүдө десек болот. Жалал-Абаддын жаңы статусу жана туризм Жалал-Абадга туристтик борбор статусунун ыйгарылышы бул аймактын маанисин арттырып жаткан факторлордун бири. Бул статус региондун инфраструктурасына, тейлөө тармагына жана инвестициялык климатка оң таасирин тийгизери белгиленген.

Жергиликтүү бийлик бутагындагылардын айтымында, эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата 34 жаңы социалдык жана өнөр жай объектилерин ачуу пландалууда. Учурда алардын басымдуу бөлүгүндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.
Эгемендүүлүк күнүнө карата ачыла турган объектилер: 15 жаңы мектеп, 2 бала бакча жана 2 медициналык мекеме. Бирок, жаңы ачыла турган мекемелер бир гана эгемендик күнүнө карата эмес, тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга жана регионду өнүктүрүүгө багытталган.

Эмне себептен Жалал-Абад тандалган? Эгер социалдык маанисине токтоло турган болсок, эл аралык жана улуттук маданий программалар, улуттук оюндар, спорттук мелдештер жана көргөзмөлөр аркылуу тургундар өз шаарларынын өнүгүүсүн баалап, патриоттук сезимин күчөтө алат. Майрам күнү борбордук аянтта чоң салтанаттуу концерт өткөрүлөт. Мындан сырткары, жаштар үчүн алыш күрөш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндар, ар түрдүү маданий иш-чаралар жана спорттук мелдештер уюштурулат. Ошондой эле жарманкелер жана көргөзмөлөр өтөт. Бул иш-чарага өлкөнүн жети облусунан өкүлдөр катышат. Алар ар бири өз облусуна тиешелүү продукцияларды алып келип, атайын тигилген жети боз үйдө көрсөтмөлөрдү уюштурушат. Майрамдык салтанатка 30 миңден ашуун адамдын келиши күтүлүүдө. Учурда алардын тизмесин президенттин администрациясы түзүүдө. Бул тизмеге чет өлкөлөрдөн чакырылган сыйлуу коноктор бар.

Жалал-Абад шаарына туристтик борбор статусу ыйгарылгандыктан, бул аймактын мааниси күн санап өсүүдө. Дегеним, бул аймакта туризм жана тейлөө тармагында да олуттуу иштер аткарылууда. Падыша-Ата жана Сары-Челек жаратылыш аймактары, Кербен шаарындагы жаңы аэропорт туризмди өнүктүрүүдө негизги ролду ойной турган объектилер. Ошондой эле тейлөө тармагында адистерди окутуу жана сертификат берүү процесстери башталды. Бул кадамдар аймактагы туризмдин сапатын жогорулатып, эл аралык стандарттарга жооп берүүсүнө шарт түзөт.

Жалал-Абад Кыргызстан үчүн энергетикалык борборлордун бири болуп саналат. Азыркы учурда Аксы, Токтогул, Сузак жана башка райондордо 20 чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлор аймактын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу менен бирге жумушчу орундарды түзүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө салым кошот. Мындан тышкары, социалдык инфраструктурага да көңүл бурулууда.

Серепчилер белгилегендей, майрамды борбордон тышкары аймакта өткөрүү – бул бийликтин региондорго болгон көңүлүн көрсөтүп турат. Жалал-Абадды тандаганы да жөнөкөй эмес, анткени бул аймак энергетикалык жана туристтик жактан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мындай кадамдар региондордун тең салмактуу өнүгүүсүнө оң таасир этет.
Ал эми жергиликтүү тургундардын бири, Сузак районунан келген Савлет Темирова мындай дейт: Жалал-Абадда мындай ири майрамдын өтүшү биз үчүн чоң сыймык. Шаар оңдолуп, көрктөнүп калды. Элдин маанайы да көтөрүлдү. Бул жерде жашаган жаштар да өз аймагына болгон сыймыгын сезип жатышат.

Эгемендик күнүн Жалал-Абадда өткөрүү бул аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү тургундарды майрамдык иш-чараларга тартуу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана экономикалык потенциалды көрсөтүү максатында жасалып жаткан стратегиялык кадам. Бул демилге региондордун тең салмактуу өнүгүүсүн камсыздап, Кыргызстандагы Эгемендик майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.