КРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдүКР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталдыБаалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилериКыргызстандын түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду2-апрель: Өлкөдө күн ачык болот
Эми Кыргызстанда бала бакчаларга 1 жаштан тартып кабыл алынат
19.08.2025 | 17:33

Кыргызстанда бала бакчаларга 1 жаштан тартып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик стандартка өзгөртүүлөр киргизилген, эгер бала бакчада орун болсо, бөбөктү 1 жаштан тартып кабыл алууга мүмкүн.
Агартуу министрлиги жаңы окуу жылынан баштап бала бакчалар 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды камтыган жаңыланган программа менен иштей баштаарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар