Банктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдиришти
Эми Кыргызстанда бала бакчаларга 1 жаштан тартып кабыл алынат
19.08.2025 | 17:33

Кыргызстанда бала бакчаларга 1 жаштан тартып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик стандартка өзгөртүүлөр киргизилген, эгер бала бакчада орун болсо, бөбөктү 1 жаштан тартып кабыл алууга мүмкүн.
Агартуу министрлиги жаңы окуу жылынан баштап бала бакчалар 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды камтыган жаңыланган программа менен иштей баштаарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар