Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтөт
20.08.2025 | 15:37

Ош шаарынын борбордук бөлүгү менен батыш бөлүгүн байланыштырган, туристтик мааниге ээ болгон Г.Айтиев көчөсү талаптарга ылайык оңдоп-түзөлүп, жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Долбоорго ылайык, аталган жолдун Курманжан-Датка көчөсүнөн Өскөналиев көчөсүнө чейинки 2 чакырым аралыгы 6 тилкелүү эки багыттуу жол болот. Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү аллея жана вело жолдор салынат. Жарыктандыруу тутумдары, жашыл аймактар жана ирригациялык түйүндөр курулат.
Долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Ош мэриясы аталган көчө Сулайман-Тоого багыт алган туристтер үчүн негизги жолдордун бири экенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом