Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтөт
20.08.2025 | 15:37

Ош шаарынын борбордук бөлүгү менен батыш бөлүгүн байланыштырган, туристтик мааниге ээ болгон Г.Айтиев көчөсү талаптарга ылайык оңдоп-түзөлүп, жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Долбоорго ылайык, аталган жолдун Курманжан-Датка көчөсүнөн Өскөналиев көчөсүнө чейинки 2 чакырым аралыгы 6 тилкелүү эки багыттуу жол болот. Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү аллея жана вело жолдор салынат. Жарыктандыруу тутумдары, жашыл аймактар жана ирригациялык түйүндөр курулат.
Долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Ош мэриясы аталган көчө Сулайман-Тоого багыт алган туристтер үчүн негизги жолдордун бири экенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом