Бишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырды
Ошто Казакстандын Башкы консулдугу ачылды
20.08.2025 | 15:57

Бүгүн Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий түрдө ачылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулган.
Ачылышка президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.
Башкы консулдук Ош шаарындагы Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө жайгашкан.
Рубрики: Жаңылыктар