Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ошто Казакстандын Башкы консулдугу ачылды
20.08.2025 | 15:57

Бүгүн Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий түрдө ачылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулган.
Ачылышка президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.
Башкы консулдук Ош шаарындагы Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө жайгашкан.
Рубрики: Жаңылыктар