Кайнатасы тарабынан зордукталган келин Акыйкатчыга келин үрөй учурган фактыларды айтты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кайын атасынын зордук-зомбулугуна кабылган 20 жаштагы келиндин окуясын тынчсыздануу менен кабыл алды.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, келин 2024-жылдын июлунда турмушка чыккан соң бир ай өтпөй кайын атасынын сексуалдык зомбулугуна туш болгон. Бул аракеттер бир жыл бою уланган. Жабырлануучу быйыл апрелде көз жаргандан кийин да кордук көргөнүн билдирген.
Бул боюнча жолдошуна май айында гана айткан. Мындан улам ата-баланын ортосунда чыр чыгып, И.А. баласын сабаган. Андан соң кичинекей баласы менен 10 күнгө талаа жумуштарына кетирип жиберген. Ал жакты да кыйратпай жатасыңар деп уруш чыгарганда жаш жубайлар баласын кайнатасына таштап Ысык-Көлгө качып кетишкен. Милицияга Караколдон арыз жазышып, кийин Бишкектин милициясына өткөрүлгөн
16-августта шектүү кармалып, ага Кылмыш жана жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) жана 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү милиция кызматкерлерине 50 миң сом пара сунуштап, ага карата дагы бир берене боюнча иш козголгон.
Ошондой эле жаш түгөйлөр кайнатасынан ымыркайын кризистик борбордун жардамы менен алып чыккан, бирок наристе оор абалда реанимацияга түшүп, көп өтпөй каза тапкан.
“Акыйкатчы жаш үй-бүлөгө акысыз адвокаттык, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча расмий каттарды жөнөттү. Ошондой эле алардын банктын насыя төлөмдөрүн убактылуу токтотуп туруу өтүнүчүн жолдоду”,-деп айтылат билдирүүдө.