Кыргызстан менен Жапония спорт жаатында кызматташууну бекемдөөдө

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт агенттиги менен Жапониянын Майдзуру шаарынын мэриясы ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашууга Бишкек шаарында Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов менен Майдзуру шаарынын мэри Акицу Камота жетектеген делегациянын жолугушуусунда кол коюлган.
Маалыматка ылайык, бул документ спорттук күрөш жана дзюдо багытындагы жаш спортчулардын тажрыйба алмашуусун көздөйт.
Жолугушууда Айбек Абдымомунов эки өлкө спорт тармагында активдүү кызматташып келе жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирген.
Майдзуру шаарынын мэри Акицу Камота шаар спорттук күрөштүн борборлорунун бири экенин белгилеп, жаш балбандардын тажрыйба алмашуусуна багытталган кызматташууну чыңдоого даяр экенин айткан.