«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Кыргызстанда маунтинбайк жана велокросс боюнча чемпионат өтөт
21.08.2025 | 11:23

14-сентябрда Кыргызстандын маунтинбайк жана велокросс боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Велоспорт федерациясы маалымдады.
Иш-чара өлкөнүн бардык аймактарынан келген велоспортчулардын башын бириктирет. Анда спортчулар даярдыгына жараша А, B, C категориялары боюнча топторго бөлүнүп, жарышат.
Чемпионат Чүйдүн Лебединовка жана Ново-Покровка айылдарынын ортосунда өтөт. Иш-чара саат 14:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт