Токаев келет. Бүгүн жана эртең Бишкектеги айрым жолдор убактылуу жабылат

21–22-августта Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага байланыштуу коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкери тартылат.
Делегациянын кортежи өтө турган учурда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет: «Манас» аэропортунан Мамлекеттик резиденцияга, андан соң Дооронбек Садырбаев көчөсү менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине, ошондой эле Тоголок Молдо көчөсү.
Жол кыймылынын эрежелерин сактап, альтернативдүү маршруткаларды колдонуу сунушталат.
Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келери айтылган.