Мас айдоочунун жүргүнчүсү инспекторду сөккөн. Ал кармалдыКыргызстанда келерки жылы жол иштерине 484 жаңы техника алынатКеминде жылына 15 миң тоок этин өндүргөн ишкана ачылдыC5+1 форматы: Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырдыАба ырайы: 27-октябрда Бишкекте күн булуттуу болотЦарикаевдин сабалышы: Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек – мэр
Баланы 1-класска берүү үчүн кандай документтер керек?
21.08.2025 | 13:20

Бишкек шаарынын мэриясы 1–2-класска электрондук кезек аркылуу катталган балдардын ата-энелерин документтерди мектепке тапшырууга чакырды.
Мэриянын маалыматында айтылгандай, төмөнкүлөр документтер талап кылынат:
- Ден соолугу жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы;
- Алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы;
- Баланын 3×4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.
“Документтер жаңы 2025–2026-окуу жылына даярдык жана класстык комплекттерди түзүү үчүн зарыл”,-деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар