Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Ош – Баткен жолундагы 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду
21.08.2025 | 13:15

Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Арпасай жана Айрыбаз айылдарында Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Ош – Баткен унаа жолунун коргоочу тилкесине мыйзамсыз курулган 26 объектинин ээлерине эскертүү берилген.
Министрликтин маалыматына ылайык, бирок белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаганы үчүн, жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы атайын техниканын жардамы менен курулуштарды бузуп, аймакты баштапкы абалга келтирди.
Рубрики: Жаңылыктар