Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Министрлик: Ош облусунда эттин баасы 600-670 сомдон сатылууда
21.08.2025 | 13:33

Ош облусунун Ноокат районунда уй этин 600 сом, кой этин 650 сомдон сатышат. Араван районунда болсо уй эти 670 сом, кой эти 680 сомдон ашпай сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Белгиленгендей, райондук агрардык башкармалык жана тиешелүү мамлекеттик органдар бааны тынымсыз көзөмөлдөп турушат.
Бул чара 11-августтан тарта өлкөдө эттин баасын негизсиз кымбаттатпоо жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында киргизилген.
“Министр Бакыт Төрөбаев эттин чекене баасын көзөмөлдөөнү Монополияга каршы кызматына тапшырган, баа 700 сомдон төмөн болушу керек”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар