Экономист Искендер Шаршеев: Батыштын санкциясы Кыргызстан үчүн геосаясий тобокелдиктерди күчөтөт, бирок каржы системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келүүгө түртөт

21.08.2025 | 18:48

Улуу Британия 20-августта Кыргызстандагы “Капитал Банкка” каршы санкция салды. Британ өкмөтү банкты Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жана аскердик жабдуулар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жардам берген деп айыптоодо. Экономика жаатында эксперт Искендер Шаршеев Батыш менен АКШнын санкциялары жана алардын өлкөгө тийгизген таасирлери тууралуу Reporter.kg’ге маек берди.

Искендер Шаршеев бул чара Батыштын (АКШ менен кошо) Орусияга Украинадагы жаңжалга байланыштуу салынган санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн үчүнчү өлкөлөрдүн каржы тармактарына каршы жүргүзүлгөн кеңири кампаниясынын бир бөлүгү катары кабыл алынганын билдирди.

“Бул окуя Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык байланыштарынын татаалдыгын көрсөтүп турат. Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү жана ЕАЭСтин мүчөсү болгондуктан, реэкспорт жана финансылык транзакциялар аркылуу санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу шектүү аракеттер көбөйүп келүүдө. Улуу Британиянын санкциясы, АКШнын окшош чаралары менен кошо, Орусиянын аскердик жабдууларды сатып алуусуна жардам көмөктөшкөн криптовалюталык тармактарга жана банктарга багытталган. Жалпысынан, бул Батыштын Орусиянын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн чектөө аракеттеринин уланысы.

Менин оюмча, бул Кыргызстан үчүн геосаясий тобокелдиктерди күчөтөт, бирок ошол эле учурда өлкөнүн финансылык системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө түрткү берет.”

Искендер Шаршеев Кыргызстан тараптан каршы далилдер берилмейинче, Батыштын айыптоолорун четке кагуу кыйын болорун билдирди.

“Менин оюмча, айыптоолор жогорку деңгээлде айтылып жаткандыктан, Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянат жана АКШнын окшош санкциялары менен коштолот. Ошондуктан биздин мамлекетке тиешелүү уюмдар бул боюнча расмий түшүндүрмө бериши керек. Расмий себептер жалпысынан гана көрсөтүлүп, деталдуу далилдер коомчулукка ачык жарыяланган жок — бул санкциялардын өзгөчөлүгү. Ошондуктан бул дооматтар чын болушу да мүмкүн, саясий оюн болушу да мүмкүн. Биздин мамлекет тараптан так жана карама-каршы далилдер берилмейинче, айыптоолорду толук четке кагуу кыйын.”

Эксперттин айтымында, кыргызстандык банктардын санкцияларга кабылышы өлкөнүн ички жана тышкы экономикасына олуттуу зыянын тийгизет.

“Ички экономикага таасири: Банктын активдери тоңдурулгандыктан, эл аралык төлөмдөр кыйындайт, кредиттөө жана инвестициялар азаят. Бул чакан жана орто бизнеске терс таасир этет. Мамлекеттик үлүшү бар банк болгондуктан, бюджетке да терс таасир болушу мүмкүн.

Тышкы экономикага таасири: Кыргызстандын эл аралык аброюна сокку урулат, чет өлкөлүк инвесторлор этият болуп калат, экспорт жана импорт (айрыкча Орусия аркылуу) кыскарышы мүмкүн. ЕАЭСтин алкагындагы соодага түздөн-түз таасир этпесе да, Батыш менен болгон мамилелер начарлайт, доллар жана фунт менен операциялар токтойт.

Жалпысынан бул өлкөнүн экономикалык өсүшүн жайлатышы жана инфляцияны күчөтүшү мүмкүн. Бирок узак мөөнөттүү мезгилде диверсификацияга түрткү берип, экономикада туруктуулукка үйрөтөт.”

Искендер Шаршеев мындай шартта Кыргызстан нейтралдуу позицияны сактап, эл аралык стандарттарга шайкеш келүүгө умтулганы оң экенин билдирип, мындай кырдаалда мамлекет тарабынан төмөнкү чаралар көрүлүшү керектигин айтты:

  • “финансылык сектордо комплаенс жана AML (акча адалдоого каршы) системаларын күчөтүү;
  • өкмөттүк деңгээлде Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана санкцияларды алып салууга багытталган далилдерди көрсөтүү;
  • экономиканы диверсификациялоо – Кытай, Түркия жана башка өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү;
  • криптовалюта жана санкциялык тобокелдиктер боюнча жөнгө салуучу механизмдерди күчөтүү.

Менин оюмча, бул чаралар зарыл жана тез арада ишке ашырылышы керек, анткени санкциялар узакка созулса, экономикага зыяны олуттуу болот.”

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров бул окуя боюнча  “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, АКШ тараптан “Керемет банкка”, ал эми Улуу Британиянын тараптан “Капитал Банкка” киргизилген санкциялар далилсиз жана күмөндүү негиздерге таянылган деп билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трампка жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерге кайрылып, экономиканы саясатташтырбоого чакырды.

Ал эми “Капитал Банк” бүгүн, 21-августта, расмий маалымат таратып, банк санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу операцияларга тиешеси жок экенин, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына жана эле аралык талаптарга ылайык иш жүргүзөрүн билдирди.

Scroll to Top